Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат

Мамлекеттик Стратегиянын Маңызы
Коррупция мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө жана коомдук адилеттүүлүктүн орношуна чоң тоскоолдук кылат. Бул жосунсуз аракеттер жалпы жарандардын кызыкчылыгын бузуп, мамлекеттик кызматтарды мыйзамсыз пайдаланууга жана коомдук ресурстарды бейнесиз колдонууга жол ачат. Коррупциянын кесепеттери ар кандай чөйрөдө: саясатта, экономикада, социалдык тармактарда, билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматтарында көрүнөт.
Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын маңызы — бул мамлекеттик органдар жана жарандар үчүн коррупцияны жоюу, анын алдын алуу жана аны системалуу түрдө башкаруу үчүн бирдиктүү көз караш, жогорку деңгээлде башкаруу, мыйзамдуулук жана ачык-айкындуулукка негизделген аракеттердин топтомун сунуштоо.

Максаты
Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын негизги максаты — мамлекеттин ички жана тышкы аброюн жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик жана жеке секторлордо коррупциялык иш-аракеттерди минималдаштыруу. Стратегиянын негизги максаттарына төмөнкүлөр кирет:
* Коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү: Мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупциялык жосундарды жоюу, ишкердик чөйрөдө коррупцияга каршы эффективдүү чараларды иштеп чыгуу.
* Ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыздоо: Мамлекеттик башкаруу системасынын ачык-айкын болушу, жарандардын жана ишкер чөйрөнүн мамлекеттик органга ишеничин арттырат.
* Коомдун коррупцияга каршы активдүүлүгүн арттыруу: Жарандарды жана коомдук уюмдарды коррупцияга каршы күрөшүүгө тартуу.
* Мамлекеттик жана жеке секторлордун адилеттүүлүгүн камсыздоо: Бардык деңгээлде адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту сактоо, мамлекеттик кызматкерлердин ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу.

Милдеттери :
Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр:
1. Коррупциянын алдын алуу жана аны жоюу үчүн мыйзамдарды күчөтүү: Мамлекеттик органдар коррупцияны кылган адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн мыйзамдардын аткарылышын катуу көзөмөлдөшү керек.
2. Ачык-айкын башкаруу системасын орнотуу: Мамлекеттик сатып алууларды, бюджеттик чыгымдарды жана башка мамлекеттик кызматтарды ачык кылып, коомдук көзөмөлдү камсыздоо.
3. Мамлекеттик кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатуу: Коррупциянын терс кесепеттерин жоюу үчүн мамлекеттик кызматкерлерди окутуу, алардын адилеттүүлүккө болгон көз карашын өзгөртүү.
4. Мыйзамсыз жолдор менен күрөшүү: Кандай жолдор менен болбосун, мыйзамсыз мамилелерди, пара алуу жана берүү фактыларын жоюу, коррупциялык схемаларды аныктап, аларга каршы күрөшүү.

Ишке Ашыруунун Принциптери
Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу үчүн бир нече принциптердин негизинде аракет кылуу зарыл. Бул принциптер коррупциянын кесепеттерин азайтууга жана стратегияны таасирдүү кылууга жардам берет.
1. Ачык-айкындуулук (Транспаренттүүлүк):
Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү ачык жана айкын болушу керек. Бардык маанилүү чечимдер жана процесстер коомчулукка жеткиликтүү болушу шарт. Мындан тышкары, коррупциялык аракеттер жөнүндө маалыматты жарандарга маалымдоо — ачык-айкындуулукту камсыздоонун негизги компоненти.
2. Жоопкерчилик:
Мамлекеттик кызматкерлер жана жарандар өз ишмердүүлүгү үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек. Коррупциялык аракеттер үчүн жаза катуу болушу шарт, жана жоопкерчиликсиздикке жол берилбеши керек.
3. Кесипкөйчүлүк жана билимдүүлүк:
Мамлекеттик кызматкерлердин өз ишинде жогорку профессионалдык деңгээлде болушу, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча билимин жогорулатуу керек. Билим берүү жана окутуу — коррупцияны алдын алуу үчүн негизги шарттардын бири.
4. Институтционалдык күчтүү системалар:
Коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик структуралар күчтүү, көзөмөлдөөчү жана каржы жөнгө салуучу органдар менен камсыз болушу керек. Татыктуу мониторинг системасы жана коррупцияга каршы органдардын өз ара аракеттениши маанилүү.
5. Коомдук активдүүлүк:
Жарандардын жана коомдук уюмдардын катышуусу — коррупцияга каршы күрөшүүдө маанилүү. Коомдук көзөмөл жана активдүү жарандар коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүүгө жардам берет.
6. Эл аралык кызматташтык:
Коррупция глобалдык маселе катары эл аралык деңгээлде да чечилүүгө тийиш. Эл аралык келишимдер жана уюмдар менен кызматташуу коррупцияны жоюу үчүн чоң мааниге ээ.
7. Туруктуулук жана узак мөөнөттүү пландар:
Коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалары узак мөөнөттүү иштердин натыйжасында гана көрүнөт. Мамлекеттик стратегиялар туруктуу, узак мөөнөттүү иш-аракеттерди талап кылат.


5.
Жыйынтыктоо
Коррупцияга каршы аракеттенүүнү күчөтүү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан коррупциянын алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин колдонуу, коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында коррупцияны минималдаштыруу боюнча туруктуу натыйжаларга жетүүгө багытталган чаралардын комплексин системалуу негизде ишке ашыруу максатында 2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө 137 сандуу жарлыгы чыгарылган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 24-ноябрында №328 Жарлыкка кол коюп, мамлекеттик органдарда коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу адамдардын жаңы иштөө эрежелерин бекитти.
Указга ылайык, 2026-жылдын 1-январынан баштап ыйгарым укуктуу адамдардын штаттык бирдиктери жана бюджеттик каржылоо Генералдык прокуратуранын карамагына өтөт.
Ошол эле учурда, бул адистер министрликтерде жана ведомстволордо иштеп, иш орундарымен камсыздалып, документтерге, маалыматтык системаларга жеткиликтүүлүккө жана кызмат адамдары менен өз ара аракеттенүүгө ээ болушу керек. Бирок, бул эрежеден ГКНБ, МВД, Социалдык фонд жана атайын статусу бар органдар тышкары калат.

Тобокелдиктерди аныктоо,


Коррупциялык укук бузуулардын субъекттери болуп, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, ошондой эле укук коргоо органдардын коррупциялык укук бузууларды жасаган жооптуу кызматкерлери жана жетекчилери эсептелет.
Коррупциялык укук бузуулардын обьекттери болуп, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кызматчыларына укукка каршы материалдык жана башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды көздөө максаттары, ошондой эле мыйзамды толук билбестиги жана туура колдоно албастыгы саналат.