Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

1-декабрь

Жарыяланган датасы:

01.12.2025

“1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүн белгилөө» жөнүндөгү  Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын  2025-жылдын 4-ноябрындагы №315-б сандуу буйругунун негизинде, АИВ-СПИД илдетине каршы күрөшүү жана алдын алуу иштерин күчөтүү максатында  2025-жылдын 1-декабрында шаардык Маданият үйүнүн аянтчасында иш-чара болуп өттү. Иш-чарага мэрия, ЖДПБ, маданият бөлүмү, мугалимдер, окуу жайлардын студенттери, жаштар катышты. Жаштар жана студенттер  тарабынан «Биз сергек жашоону тандайбыз» жана «БизСПИДке каршыбыз» атуу ураандары менен флешмобтор уюштурулду. Иш-чарада СПИД боюнча ЖДПБ тарабынан доклад окулуп, студенттерге викториналык суроолор берилди. Викториналык суроолорго туура жооп берген жаштар, студенттер белектер менен сыйланды.

  Кароолор (1)