Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген ар жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет.
Жарыяланган датасы:
19.05.2025
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 13- майындагы 139-б буйругунун негизинде мэриянын кичи залында Энелер күнүнө карата иш-чара болуп өттү.
Иш чарага Баатыр энелер жана шаардык деңгээлдеги иш чарага активдүү катышкан аялдар катышты. Шаардык маданият үйү тарабынан апаларга арналган концерттик программа уюштурулду, мэрия тарабынан белектер даярдалып, энелерге тапшырылды. Шаардык кеңештин төрагасы жана мэрдин орун басары тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылды.