Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Энелер күнү

Жарыяланган датасы:

20.05.2026

Майлуу-Суу шаарында “Энелер күнү” салтанаттуу түрдө белгиленди

Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 2026-жылдын 13-майындагы №96-б буйругунун негизинде шаар аймагында “Энелер күнү” майрамы жогорку деңгээлде жана салтанаттуу маанайда өткөрүлдү.

2026-жылдын 19-май күнү Майлуу-Суу шаардык маданият үйүндө уюштурулган иш-чарага баатыр энелер, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, шаар тургундары, ошондой эле 60 жаштан жогорку курактагы 300дөн ашуун энелер жана жаштар активдүү катышышты.

Иш-чаранын алкагында:
• көркөм өнөр жамааттарынын концерттик программасы тартууланды;
• баатыр энелерге өзгөчө сый-урмат көрсөтүлүп, белектер тапшырылды;
• 300 энеге жоолуктар ыйгарылды.

Шаардын мэри А. Байгазиев куттуктоо сөз сүйлөп, энелерге терең ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден соолук, бакубат жашоо жана узак өмүр каалады.

Бул майрам энелерге болгон урмат-сыйды, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана коомдогу энелердин ордун даңазалаган өзгөчө маанайда өттү.

  Кароолор (3)