Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Китеп куну
Жарыяланган датасы:
23.04.2026
2026-жылдын 22-апрелинде Майлуу- Суу шаарында маданият үйүнүн алдында «23- апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укукту коргоо күнүнө « карата, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы N369 ,,Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик « уңгужолу Жарлыгынын алкагында шаардык деңгээлде «Китеп менен дүйнө кең» аттуу майрамдык кече өткөрүлдү.
Иш -чарага Манас шаарынан келген төкмө акындар, шаардын тургундары, студенттер, окуучулар катышты.
Концерттик программа тартууланып, окуучулар тарабынан Манас айтылды, сүрөт конкурсу уюштурулду, жеңүүчүлөр белектер менен сыйланышты.