Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кыргызавтожол

Жарыяланган датасы:

29.04.2026

Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын билдирүүсүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №51 жол тейлөө ишканасы тарабынан Майлуу-Суу – Сары-Бээ айылына баруучу автомобиль жолун калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган иштер жолдун абалын жакшыртууга, транспорттук каттамдын коопсуздугун камсыз кылууга жана жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Калыбына келтирүү иштеринин алкагында жолдун жабыркаган тилкелери оңдолуп, тиешелүү техникалар тартылып, зарыл болгон инфраструктуралык чаралар көрүлүүдө.

Мэрия тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер көзөмөлгө алынып, белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүткөрүлүшү камсыздалат

  Кароолор (7)