Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Майлуу-Суу шаарында 9- май Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеңиштин 80-жылдыгы белгиленип, ,,Жениш" скверинде Митинг-реквием жана “Эскерүү оту” эл аралык патриоттук акциясы, Өлбөс полк уюштурулуп өттү.
Жарыяланган датасы:
12.05.2025
Иш-чарага шаар мэри А.Жумаев, шаардык Кеңештин төрагасы Д.Атамурзаев, Аскер комиссариатынын комиссары подполковник А.Осмонов, 12544 аскер бөлүгүнүн командири майор Кочкоров А., Жаштар комитетинин төрагасы Д.Муратбеков жана мекеме уюмдардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.
Москва шаарындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүндөгү Өчпөс оттон алынган жалын Кыргызстанга Россия Элдик фронтунун өкүлдөрү Олимпиада чемпиону Елена Вяльбе тарабынан Жалал-Абад областына алып келинип, Майлуу-Суу шаарына N4 орто мектебинин директору Е.Дубинина жеткирип келип, шаардын мэрине тапшырылды.
Эскерүү иш-чараларынын алкагында “Жеңиш” сквериндеги өчпөс отко от жандырылды жана гүл чамбарлар коюлду.