Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Майлуу-Суу шаарында жарандарды жеке кабыл алуу уланууда
Жарыяланган датасы:
26.08.2025
Майлуу-Суу шаарында жарандарды жеке кабыл алуу уланууда
Бүгүн Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын коомдук кабылдамасында шаар мэри А.Жумаев белгиленген графикке ылайык жарандарды жеке кабыл алды.
Кабыл алуу учурунда шаар тургундары турак жай, жер бөлүп берүү жана мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу көйгөйлөрүн көтөрүштү. Шаар башчысы ар бир кайрылууну кылдат карап чыгып, маселелерди чечүү жолдорун түшүндүрүп, тиешелүү жетекчилерге так тапшырмаларды берди.
Маалымат үчүн:
- Шаар мэри А.Жумаев — ар шейшемби жана бейшемби, саат 10:00–12:00
- Мэрдин орун басары Н.Абдиганиев — ар дүйшөмбү жана шаршемби, саат 10:00–12:00
- Аппарат жетекчиси Р.Султанбаев — ар жума күнү, саат 10:00–12:00
Байланыш:
☎ (03744) 5-29-12
📞 Кыска номер: 185