Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Майлуу-Суу шаарынын 2026-жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин долбоору жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө коомдук угуулардын өткөрүлүшү тууралуу

Жарыяланган датасы:

05.08.2025

   Майлуу-Суу шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 2025-жылдын 29-июлунда 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуу өткөрүлдү. 2026-жылдын бюджет долбоорун талкуулоого жалпы 65 адам катышты. Иш-чаранын максаты жана маанилүүлүгү тууралуу ачылыш сөзүндө мэрдин орун басары Н.Абдиганиев белгилеп өттү.
-Майлуу-Суу шаары боюнча салык кызматы башкармалыгынын бөлүм башчысы Б.Эркинбек уулу бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоору менен катышуучуларды тааныштырды. 
-Майлуу-Суу шаардык каржы башкармалыгынын каржы-бюджеттик координация секторунун башчысы Э.Бакирова бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча маалымат берди.

Бюджет долбоору жалпы 125 236,7 миң сом суммасында түзүлгөн, анын ичинде бюджеттик каражаттар — 105 403,5 миң сомду, ал эми атайын каражаттар — 19 833,2 миң сомду түзөт.
Талкуу учурунда катышуучулар тарабынан бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана каражаттарды үнөмдүү пайдалануу боюнча сунуштар айтылды. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнүн негизги багыттары катары чакан ишканаларды өнүктүрүү жана жумуш орундарын көбөйтүү белгиленди.



   Органы местного самоуправления города Майлуу-Суу 29 июля 2025 года провели общественные бюджетные слушания по проекту местного бюджета на 2026 год. В обсуждении приняли участие 65 человек. С вступительным словом о важности и целях мероприятия выступил заместитель мэра Н. Абдиганиев.

-Заведующий отделом управления налоговой службы по городу Майлуу-Суу Б.Эркинбек уулу ознакомил участников   с проектом доходной части на 2026 год. 
-Заведующий сектором финансово-бюджетной координации Майлуу-Сууйского финансового управления Э.Бакирова предоставила сведения по проекту расходной части бюджета.

Проект бюджета составлен в сумме 125 236, 7 тыс. сом, в том числе бюджетные средства 105 403, 5 тыс. сом и специальные средства 19 833,2 тыс. сом.  

Во время обсуждения проекта, участниками озвучены предложения об увеличении доходов бюджета и экономного расходования бюджетных средств. Одно из главных направлений по увеличению доходов бюджета были развитие малых предприятий, увеличение рабочих мест.

  Кароолор (6)