Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы

Жарыяланган датасы:

12.05.2026

Бүгүн шаар мэри Байгазиев А. медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө адамдын ден соолугу үчүн күнү-түнү эмгектенип жаткан ак халатчан кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирип, алардын эмгеги абдан жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу кесип экенин белгиледи. Ошондой эле медицина тармагында эмгектенген бардык кызматкерлерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, түгөнбөс күч-кубат жана иштерине ийгилик каалады.

Мэр мындан ары да элдин саламаттыгы үчүн ак ниет кызмат өтөп, иштеринде ийгиликтерди жаратып, продуктивдүү эмгек кылууларын каалап өттү.

  Кароолор (7)