Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Санариптик окуу
Жарыяланган датасы:
12.05.2026
Бүгүн мекеме кызматкерлери үчүн санариптик багытта атайын окуу-семинар уюштурулуп өткөрүлдү. Окутуунун жүрүшүндө заманбап санариптик технологияларды колдонуу, электрондук кызматтар менен иштөө жана маалыматтык системаларды туура пайдалануу боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Иш-чаранын негизги максаты — кызматкерлердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, иш процессин жеңилдетүү жана заман талабына ылайык эффективдүү иш алып барууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Окуунун жыйынтыгында катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, практикалык тажрыйба менен бөлүшүштү.