Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Шаар аймагында этке белгиленген максималдуу чекене бааларынын деӊгээлин сактоо жана жөнгө салуу тууралуу

Жарыяланган датасы:

19.08.2025

  Кыргыз  Республикасынын  Министрлер  Кабинетинин  2023-жылдын   8-сентябрындагы  «Социалдык маанилүү товарларга   бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» №455  токтомуна ылайык,  Кыргыз Республикасынын  Экономика   жана   коммерция  инистрлигинин  2025-жылдын 7-августундагы    «Кыргыз Республикасынын   аймагында    этке  (уй жана кой эти,  сулп этинен башкасы) болгон  бааларды   убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» №140 буйругун ишке ашыруу жөнүндө  жана   Кыргыз  Республикасынын  Экономика  ана коммерция   министрлигине караштуу Монополияга  каршы  жөнгө  салуу   кызматынын  (мындан ары - Кызмат)  2025-жылдын    8-августундагы  №71 буйругун аткаруу максатында,  Жалал-Абад  облустук     бөлүмүнүн   2025-жылдын 12-августундагы “Жалал-Абад облусунун    аймагында  мал этинин чекене  баасынын   максимумдук   деңгээлин   белгилөө жөнүндө”  №16 буйругу менен 90  календардык   күнгө    убактылуу мамлекеттик  жөнгө  салуу    киргизилгендигине   байланыштуу,  шаар аймагында   мал этине белгиленген   максималдуу   чекене    бааларынын деӊгээлин, эт сатуучу субъекттер, жеке ишкерлер жана башка  сатуучулар  тарабынан сакталышын  камсыз кылуу максатында   тиешелүү  мамлекеттик органдардын кызматкерлери   жана  мэриянын кызматкерлери   менен    биргеликте  2025-жылдын  19-августунда  рейд уюштурулуп, шаар аймагында   эт сатуу менен алектенген жеке ишкерлерге   азыркы   учурда  уйдун  эти  680  сомдон  жана  койдун эти  700  сомдон   жогорулатпай   сатылуусу  зарыл  экендиги  талап кылынып, санитардык-гигиеналык    талаптардын  аткарылышы, ККМ-аппараттарынын иштөөсү да көзөмөлдөнүп,  жеке  ишкерлер  буйруктар менен тааныштырылып, түшүндүрүү  иштери  жүргүзүлдү.

  Кароолор (9)