Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Туу

Жарыяланган датасы:

03.03.2026

2026-жылдын 3-мартында мэриянын алдында мекеме-уюмдардын, ишканалардын жана окуу жайлардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына карата  иш-чара өткөрүлдү. Шаардын мэринин орун басары, шаардын прокурору куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.                                                                                                                                                                                                                
Доклад окулуп, Туу көтөрүү аземи салтанаттуу түрдө белгиленди.   Мамлекеттик туубуз бийик желбиресе, Мекенге болгон сүйүү сезимибиз артат, атуулдук ариетибиз, ар-намысыбыз да кызыл туубуз менен бир катарда турарын билип, аны ар дайым урматтайлы. Элибиздин намысы, эркиндиги, сыймыгы болгон мамлекеттик туубузду бийик кармайлы. 
Кызыл туубуз түбөлүк желбиреп турсун!

  Кароолор (9)