Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
ЫРЫС АЛДЫ ЫНТЫМАК
Жарыяланган датасы:
21.02.2026
21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк Эл аралык эне тил күнүнө карата 2026-жылдын 20-февралында шаардык маданият үйүндө «Ырыс алды ынтымак» аттуу темада иш-чара өткөрүлдү. Доклад окулуп, комуз күүлөрү чертилип, улуттук ыр, бийлер менен коштолду. Китеп көргөзмөсү уюштурулуп, анда дүйнө элдеринин адабий чыгармалары жана кыргыз тили боюнча маалыматтык китептер коюлуп жогорку деңгээлде өткөрүлдү.