Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Жол
Жарыяланган датасы:
08.05.2026
Майлуу-Суу – Кыпчак-Тала автоунаа жолунда коопсуздукту жогорулатууга багытталган ири инфраструктуралык долбоор ишке ашырыла баштады. Долбоордун алкагында жолдун сел коркунучу жогору болгон тилкелеринде атайын сел өткөрүүчү көпүрөлөрдү куруу иштери старт алды.
Бул демилгенин негизги максаты – табигый кырсыктардын таасирин азайтуу, жол кыймылынын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жана аймактагы тургундардын коопсуздугун жогорулатуу. Курулуп жаткан көпүрөлөр сел сууларын тоскоолдуксуз өткөрүүгө ылайыкталып, жолдун бузулушунун алдын алат.
Учурда курулуш иштери графикке ылайык жүргүзүлүп, тиешелүү адистер тарабынан сапаты катуу көзөмөлдөнүүдө. Долбоор толугу менен ишке ашырылгандан кийин, Майлуу-Суу – Кыпчак-Тала жолу аркылуу каттам кыйла коопсуз жана туруктуу болот деп күтүлүүдө