Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
"Бизнести коргоо"
Жарыяланган датасы:
26.12.2025
2025-жылдын 26-декабрында Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан жерине чыгуу менен жеке ишкерлер менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жерине чыгууда, Майлуу-Суу шаарынын кызматкерлери тарабынан ишкердик субъекттеринин экономикалык ишин турукташтыруу, бизнес-чөйрөнү андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, инвестициялык климатты тартуу жана жакшыртуу, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрдү болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ошону менен катар, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан ишкердик субъекттерине атайын арналган “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси иштелип чыкканын, анын колдонуусун жана өзгөчүлүктөрү менен тааныштырып, маалымат баракчалары таратылды.