Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
"Гаухар" бала бакчасы
Жарыяланган датасы:
22.01.2026
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын кайрылуусунун негизинде Сары-Бээ айылындагы №3 «Гаухар» бала бакчасы көптөн күткөн жылытуу системасына ээ болду. Эми бөбөктөр жылуу, коопсуз жана ыңгайлуу шартта тарбияланып, билим алышат.
Бул маанилүү ишке ЖЧК «Ак-Жол» фермердик чарбасынын жетекчиси Бердибаев Кубаныч жана ЖЧК «Эрн-Строй» ишканасы чоң демөөрчүлүк көрсөтүп, көмүр менен жылытууга ылайыкталган система толугу менен оңдолуп, ишке киргизилди.
Мындан сырткары, эл үчүн камкордугун ар дайым көрсөтүп келген Бердибаев Кубаныч №3 жалпы билим берүүчү мектепти жана №3 «Гаухар» бала бакчасын жыл сайын көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздап келет.
Мындай иш – элге кызмат, балдарга камкордук, келечекке салым!
Ыраазычылык эл ичинде, жакшылык изи унутулбайт!