Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги

"Улуттук дем-дуйнолук бийиктик"

Жарыяланган датасы:

05.03.2026

КР Президенти С.Н.Жапаровдун “Инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” ошондой эле “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыктарын колдоого алып, Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына карата жана Ашыраалы Айталиевдин эскерүү кечесинин урматына карата  акындын чыгармаларын коомчулукка кеңири жайылтуу ошондой эле чыгармалары аркылуу элди ынтымакка чакыруу, руханий азык тартуулоо максатында 2026-жылдын 5-мартында шаардык маданият үйүндө “Ынтымак” айтуучулук иш-чарасы жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү. Аталган иш чараны атайын шаарыбызга келип, уюштуруп жаткан Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын жамаатына Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын атынан терең ыразычылык билдиребиз. Өнөрүңөр өркүндөй берсин, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

  Кароолор (8)