Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
Майлуу-Суу шаарынын мэри А.Т. Жумаевдин тапшырмасын негизинде шаар аймагында мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу
Жарыяланган датасы:
28.08.2025
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ №109 Жарлыгын аткаруу жана Майлуу-Суу шаарынын мэри А.Т. Жумаевдин тапшырмасын негизинде шаар аймагында мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу жана аларды алдыруу боюнча иш-чаралар уланууда.
Атап айтканда, М.Конгантиев жана Ленина көчөлөрүндө жер тилкесин өз алдынча кеңейтип, кызыл сызыкка чыгып мыйзамсыз курулуштарды орноткон жарандар аныкталды. Мэриянын кызматкерлери, муниципалдык менчик башкармалыгы жана шаардык архитектура башкармалыгынын адистери тарабынан мыйзам бузган жарандарга эскертүү кагаздары тапшырылды.
Учурда аталган мыйзамсыз курулуштарды алдыруу боюнча иштер жүргүзүлүп, шаардык тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана жалпы пайдалануудагы жерлерди мыйзамдуу пайдалануу максатында тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Майлуу-Суу шаарынын мэриясы бардык жарандарды мыйзамдуулукту сактоого жана шаардык тартипке түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.