Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
ШИИБ
Жарыяланган датасы:
27.03.2026
2026-жылдын 27- мартында Майлуу-Суу шаарынын маданият үйүнүн чоң залында ШИИБмү тарабынан уюштурулган чоң жыйын болуп өттү.
Жыйынга Жалал-Абад облусттук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, шаардын мэринин орун басары, шаардын прокурору, ШИИБнын башчысы, шаардын имам-хатиби жана шаарыбыздын тургундары, студенттер, окуучулар катышты.
ШИИБнүн башчысы маалымат берип, шаарыбыздын тургундарынын көйгөй маселелери угулду. Кылмыштуулук, укук бузуулардын алдын алуу, үй бүлөдөгү зордук зомбулуктардын алдын алуу, жол транспорт кырсыктар, эндуро мотоциклдардын элге тийип жаткан зыяндары боюнча талкуу болуп өттү.
Сфетофорлорду, видеокөзөмөлдөрдү орнотуу боюнча сунуштар киргизилди, ошондой эле участкалык милиция кызматкерлерин 3 жылга чейин алмаштырбоо боюнча элдин суранычы кабыл алынды.