Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
Жарандарды кабыл алуу
Жарыяланган датасы:
20.04.2026
Жарандарды жеке маселелер менен кабыл алуу уланууда
Бүгүн Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын коомдук кабылдамасында шаар мэри А. Байгазиев бекитилген графикке ылайык жарандарды жеке кабыл алды.
Кабыл алуу учурунда жарандар тарабынан турак жай, жер тилкесин бөлүп берүү, социалдык маселелер, ошондой эле шаардын көчөлөрү аркылуу мал айдап өтүү жана жайыт маселелери боюнча кайрылуулар келип түштү.
Бардык кайрылуулар белгиленген тартипте каралып, тиешелүү жетекчилерге аткарууга милдеттендирилген тапшырмалар берилди.
🗓 Жарандарды кабыл алуу графиги:
Шаар мэри — ар дүйшөмбү, саат 10:00–12:00
Мэрдин орун басары — ар шаршемби, саат 10:00–12:00
Мэриянын аппарат жетекчиси — ар бейшемби, саат 10:00–12:00
📞 Байланыш телефондору:
03744 5-29-10
03744 5-27-10
Кыска номер: 185