Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
Жашыл мурас
Жарыяланган датасы:
22.12.2025
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2025-жылдын 13-мартындагы № 06-01/1641 сандуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №89-т тескемесине ылайык, “Жашыл мурас” улуттук кампаниясын үзгүлтүккө учуратпай улантуу максатында, 2025-жылдын 26-ноябрында Майлуу-Суу шаарынын Кой-Таш участкасына 1000 (бир миң) даана жаңгак (данектүү) отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага Майлуу-Суу шаарынын мэриясы, мекеме-уюм, ишканалар, жаштар комитети жана окуу жайлар активдүү катышышты.