02 июль 2025

Кароолор: (2)

№ 109 Президентин Жарлыгынын негизинде

МААЛЫМАТ ҮЧҮН
📜 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 ПЖ "Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын негизинде, Майлуу-Суу шаарынын аймагында мыйзамсыз курулуштарды жана кызыл сызыкка каршы келген объектилерди иретке келтирүү иштери жүрүп жатат.
🏗 Бул иштин алкагында Верхняя көчөсүндө жайгашкан мыйзамсыз курулмалар алынган.
📣 Майлуу-Суу шаарынын мэриясы шаар тургундарын төмөнкүгө чакырат:
✅ Мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө;
✅ Муниципалдык жер тилкелерине тиешелүү уруксат кагаздарысыз курулуш жүргүзбөө;
✅ Шаардын өнүгүшүнө мыйзамдуу жол менен салым кошуу.
📄 Курулуш иштери жергиликтүү жана улуттук мыйзамдарга ылайык гана жүргүзүлүүгө тийиш.
📍Шаарыбыз тартип жана мыйзам чегинде өнүксүн десек, бирге аракет кылалы!
🔷
Майлуу-Суу шаарынын мэриясы
🌐 www.m-suu.gov.kg 
______________
🔖 #МайлууСууМэриясы
🔖 #МыйзамдууКурулуш
🔖 #КызылСызык