02 июнь 2025

Кароолор: (5)

1-июнь Балдарды коргоо күнүн белгилөө

1 - июнь балдарды коргоо күнүнө карата Майлуу-Суу шаарында 2025-жылдын 1-июнунда шаардык эс алуу паркында иш чара болуп өттү.  
Концерттик программа, оюн зооктор, спорттук оюндар, асфальтта сүрөт тартуу конкурсу уюштурулду. Мэрия тарабынан турмуш шарты оор болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, тоголок жетим балдарга жана жалпы шаарыбыздагы наристе балдарга Майлуу-Суу шаарынын мэриясы тарабынан бекер оюнчуктар, демөөрчү Н.Дарбишев тарабынан бекер бал муздактар таратылды.