23 июль 2025

Кароолор: (1)

№109 ПЖ "Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө"

Маанилүү маалымат!

 Майлуу-Суу шаарынын мэри Жумаев Алтынбек Токтомуратовичтин тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 ПЖ “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында ✅

🏛 Майлуу-Суу шаарынын мэриясы тарабынан түзүлгөн комиссия:
📍 Көк-Таш айылынын Советский көчөсүндөгү кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштар боюнча жарандарына эскертүүлөр берилди.

🧱 Жарандарыбыз өз ыктыяры менен курулмаларды бузуп, муниципалдык жер тилкелери өз калыбына келтириле баштады.

⚠️ ЭСКЕРТҮҮ!
Жерлерди мыйзамсыз ээлеп алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 149-беренесине ылайык:

👤 Жеке жактарга — 300 эсептик көрсөткүч (30 000 сом)
🏢 Юридикалык жактарга — 1000 эсептик көрсөткүч (100 000 сом) айып салынышы мүмкүн!

📌 Урматтуу тургундар, мыйзамды сактайлы жана жер мыйзамдары боюнча түшүндүрүү иштерине түшүнүү менен мамиле кылайлы!

#МайлууСуу #Мэрия #МуниципалдыкЖер #Эскертүү #Тартип #КызылСызык