17 май 2024
Кароолор: (2)
2024-жылдын 17-майында Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын кичи залында “Энелер күнү” белгиленди.
Энелер күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин
Жарлыгы менен 2012-жылы жарыяланган. Бул майрам
Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде
белгиленет. Жетиден ашык баланы тарбиялаган апаларга Баатыр
эне, ал эми алты балалуу энелерге Эне даңкы ордени тапшырылсын
деп чечилген.
2024-жылдын 17-майында Майлуу-Суу шаарынын
мэриясынын кичи залында “Энелер күнү” белгиленди. Шаар
аймагындагы Баатыр энелерге майрамдык маанай тартуулоо
максатында концерттик программа уюштурулуп, баалуу белектер
тапшырылды.
Шаардын мэри Н.Умаров Баатыр энелерди куттуктап, ден соолук,
узун өмүр каалап, ушул күн менен чектелбестен, ар
бир күнүңүздөр майрам болсун деп белгилеп кетти.
Эскерте кетсек шаар боюнча 34 Баатыр эне катталган.