25 август 2025

Кароолор: (10)

2025-жылда шаарды өнуктүрүү программасынын негизинде аткарылган жумуштар

2025-жылга түзүлгөн Майлуу-Суу шаарынын өнүктүрүү программасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан КР Президентинин  Тескемесинин негизинде 100 000  000 сом акча каражаты бөлүнгөн. Бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен Көгөй айылына узуну 1.1 км  туурасы 6 метр асфальт төшөө жумуштары  аткарылып жатат, жакынкы күндөрдө жол белгилери орнотуу жана жол чиймелерин түшүрү  жумуштары башталат