03 декабрь 2025

Кароолор: (1)

3-декабрь

3 -декабрь Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү  Майлуу-Суу шаарында белгиленди.
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 18-ноябрындагы N01-14-614 сандуу иш-чарасына ылайык 15-ноябрынан 15- декабрына чейин «Биз биргебиз» аттуу бир айлык акция жарыяланган. 2025-жылдын 4- декабрында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен сый тамак жана спорттук оюндар Бакжамал кафесинде уюштурулду. 
Иш - чарага демөөрчүлөр, жеке ишкерлер , алып баруучулар, бийчилер, сүрөтчү , кафе жамааты өз салымдарын кошту. Иш-чара концерттик программа менен коштолду.