07 апрель 2025
Кароолор: (13)
7-апрель Элдик Апрель революциясынын күнү белгиленди
2025-жылдын 7-апрелинде Майлуу-Суу шаарынын “Эрдик" скверинде “7-апрель Элдик Апрель революциясынын” 15 жылдыгына карата эскерүү митинги болуп өттү.
Митингке шаардын мэри А. Жумаев, мекеме-ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, студенттер жана 7-апрель Элдик революциясында курман болгон Баатыр М.Бостонбаевдин бир туугандары катышты.
М,Бостонбаевдин эстелигине гүлдөр куюлуп, куран окулду.
Буткул дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата жана 7-апрель Элдик революциясынын 15 жылдыгына карата кросс уюштурулду. Жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.




