07 март 2025

Кароолор: (4)

8-Март Аялдардын эл аралык күнүн белгилөө

Майлуу-Суу шаарында 8- Март Аялдардын эл аралык күнү белгиленди. 
2025-жылдын 6- мартында Майлуу-Суу шаарынын маданият уйундо аялдарга арналган иш чара уюштурулду. Иш чарага жалпы аялзаты чакырылып, шаарыбыздын социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошуп эмгектенип жаткан алдыңкы кызматкерлер, көп балалуу апалар, Аялдар Кеңешинин мүчөлөрү мэриянын Ардак грамотасы, Алкыш менен сыйланышты  жана мэриянын белектери тартууланды. 
Майрамдык салтанат концерттик программа менен коштолду.
Майлуу-Суу шаарынын мэринин орун басары Н.Абдиганиев аялзатын жазгы майрамы менен куттуктап,  чын ден соолук,  бакубат жашоо, бейпил турмуш, жарык маанай каалады.