13 февраль 2025
Кароолор: (5)
" Жарандык коргонуу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” №54 Мыйзамынын 10-беренесинин 10- пунктуна ылайык Кооптуулугу жогору болгон тилкелерде жашаган жарандарды коопсуз аймакка көчүрүү боюнча жыл сайын үй-бүлөлөргө атайын-эскертмелер берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. 2025-жылдын 5-февралында Шаардык Көчүрүү комиссиясынын отуруму болуп өттү. Отурумда тиешелүү мекеме уюмдардын, ишканалардын жетекчилери менен коопту аймакта жашап жаткан үй-бүлөлөргө эскертүүлөрдү берүү боюнча тапшырма берилген.
Берилген тапшырманын негизинде коопту аймакта жашап жаткан үй-бүлөлөргө эскертүүлөр таратылып, түшүндурүү иштери жүргүзүлдү. Эскерте кетсек 2024-жылы кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөргө эскертүүлөрдү таратуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, көчүүгө макулдугун берген үй-бүлөлөрдү коопсуз жайга көчүрүү боюнча иш-алып барылып, 77 үй-бүлөдөн 2 үй-бүлө биротоло көчкөн, 4 үй-бүлө убактылуу туугандарынын үйүнө көчкөн.


