05 март 2025
Кароолор: (5)
"Ак калпак" күнү белгиленди
Бүгүн 2025-жылдын 5-мартында Майлуу-Суу шаарында Ак калпак күнү жөө жүрүш менен белгиленди.
Шаардык маданият үйүнүн алдында 5-март «Ак калпак» күнүнө карата иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага мэриянын аппарат жетекчиси, мекеме -уюмдардын, ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери жана студенттери катышып, жөө жүрүш уюштурулду. 5- март Ак калпак күнү деп 2011-жылы жарыяланган. Бул күнү мектеп окуучуларынан баштап коомдук, мамлекеттик ишмерлер, деги эле кыргыздын атуулумун деген мырзалардын баары ак калпагын башына кийип чыгып, улуттук баалуулуктарыбыздын бири болгон баш кийимди даӊазалоону колго алышкан.
Жыл өткөн сайын бул майрам эл арасында жакшы белгиленип, калпак кийбеген жигит калбады. Кыргыздын улуттук баалуулуктарын сактап, урпактарга өткөрүп берели.
5-март Ак калпак күнүӊүздөр кут болсун!


