02 июнь 2025

Кароолор: (7)

"Акыркы коңгуроо" аземин белгилөө

2025-жылдын 26-майында Майлуу-Суу шаарындагы жалпы 7 билим берүү орто мектептеринде “Акыркы коңгуроо” аземи болуп өттү. Салтанатка  мэриянын, ШИИБ, ШБББүн кызматкерлери, ата энелер катышып, бүтүрүүчүлөргө калоо тилектери айтылды. 
Ар бир мектепте мамлекеттик Гимн жаңырып, Кыргыз Республикасынын Туусу көтөрүлдү. Мугалимдер, бүтүрүүчүлөр жана мыкты окуучулар сыйланды. Концерттик программа уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. 
10 жана 20 жыл мурун мектепти бүтүрүп кеткен атуулдар тарабынан өздөрү окуган мектептерине демөөрчүлүк салымдарын кошушту. 
Майлуу-Суу шаарында 2024-2025 окуу жылында 4700 окуучу билим алышты,  анын ичинен 9-класстарынын  бүтүрүүчүсү 390 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү 160 окуучуну түзөт.