26 август 2024
Кароолор: (8)
"Билим берүүгө 100жыл трансформация, чакырыктар жана жаңы горизонттор" аттуу август конференция
2024-жылдын 26-августунда Майлуу-Суу шаарында мугалимдердин август конференциясы өткөрүлдү. Конференция маданият үйүнүн концерттик чон залында уюуштурулуп, шаардын мэри, социалдык маселелер боюнча бөлүм башчы, билим берүү бөлүмүнүн башчысы, жалпы билим берүү мектептердин, мектепке чейинки билим берүү уюмдардын директорлору жана жалпы мугалимдер катышты. Докладтар окуулуп, слайдтар көрсөтүлдү жана концерттик программа менен коштолду. Шаардын мэри Н.Умаров мугалимдерди август конференциясы жана жаңы окуу жылынын ачылышы менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Конференция жогорку деңгээлде өттү.