03 декабрь 2024
Кароолор: (11)
"Биз биргебиз" аттуу бир айлык иш-чаранын алкагында
Бүгун 2024-жылдын 3-декабрында жыл сайын өткөрүлүүчү 3-декабрь ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүү максатында майрамдык иш -чара уюштурулду.
15-ноябрдан 15-декабрына чейин «Биз биргебиз» аттуу бир айлык иш-чаранын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга сый тамак, концерттик программа тартууланды, спорттук оюндар өткөрүлдү.
Иш- чарага жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражат бөлүнүп, ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан колдоолор көрсөтүлдү.
Спорттук оюндардын жеңүүчүлөрү акчалай сыйланышты.
Демөөрчү болгон ,,Бакжамал " кафесине, Продмаг дүкөнүнө, Бекназарова Сабина, гортоп курулуш материал магазинине, Шаардык ички иштер бөлүмүнө, Ысык-Көл, Ош областынан келген ырчы жана башка демөөрчүлөргө шаардын мэри Н.Умаров ыраазычылыгын билдирди.






