02 июль 2025

Кароолор: (3)

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык келбеген көрнөктөрдү, кулактандырууларды, прейскуранттарды жана башка көрүнөө маалыматтарды, юридикалык жана жеке жактардын имараттарына текшерүү жүргүзүү үчүн Майлуу-Суу шаарынын мэриясы тарабынан 2025-жылдын 27-июнунда №188 буйругу чыгарылып, жумушчу топтун курамы түзүлдү. Буйруктун негизинде 2025-жылдын 30-июнунда комиссия  жерине барып, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык келбеген көрнөктөргө, кулактандырууларга, прейскуранттарга жана башка көрүнөө маалыматтарга, юридикалык жана жеке жактардын имараттарына текшерүү жүргүзүлдү.  18 эскертүү берилип, аныкталган кемчиликтерди  жоюуга 10 күн убакыт   берилди,  берилген убакытта  аныкталган кемчиликтер аткарылбаса  Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодекстин  107-беренесинде  каралган жаза чаралары көрүүлөрү эскертилди.