03 декабрь 2024

Кароолор: (8)

"Майлуу-Суу лампа заводу"

Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.Умаров, МС ЛЗ ААКнун башкы директору Д. Закиров менен биргеликте МС ЛЗ ААКна республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1,0 млрд акча каражаты боюнча долбоордун алкагында жүрүп жаткан иштерди Германия жана Россия Федерациясынан айнек идишин чыгаруучу жабдуулар толук 100% га келгендиги жана аларды жайгаштыруу, МС ЛЗ ААКнун LED секциясын модернизациялоо, пластикалык дизайндагы LED SMD лампаларын өндүрүү иштеринин жүрүшүн жерине барып көрдү.  
Белгилей кетсек, “Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомун модернизациялоо боюнча  республикалык бюджеттен 1 млрд сом акча каражаты бөлүнгөн. Ага заводдун ишин жандантуу менен бүтүндөй республиканы светодиоддук лампалар, ошондой эле атамекендик өндүрүш ишканаларын сапаттуу айнек идиштери жана жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыздоо планы коюлган.