24 март 2025

Кароолор: (7)

"Нооруз 2025" майрамы шаардык аянтта

"Нооруз 2025" майрамы шаардык аянтта  2025-жылдын 21-мартында шаардын мэри А.Жумаевдин мекеме-уюмдардын, ишканалардын жана окуу жайлардын жетекчилеринин катышуусунда жогорку деңгээлде өткөрүлдү. 
Нооруз — аруулуктун, тазалыктын, жаңылануунун майрамы. 
Нооруз байыртадан баркталып келаткан майрам катары белгиленип келет.  Үй ичин тазалашып, арча менен аласташып, «оору-сыркоо, кырсыктар болбосун» деп, жакшылыкка тилек кылышат.
Ар бир үйдө колунан келген даамын, тамак-ашын жасап, дасторкон жайышат. Шаардык маданият бөлүмү тарабынан концерттик программа,  театрлаштырылган көрүнүштөр тартууланды. Ноорузда атайын кастарлап жасалуучу даамдын бири — сүмөлөк. Ак элечек апалар сүмөлөк жасап, Нооруз күнү шаарыбыздын тургундарына жана конокторуна таратылды. Улуттук кол өнөрчүлүк көргөзмөлөр  жана спорттук оюндар уюштурулду.