24 март 2025

Кароолор: (13)

"Тазалык шаарыбызга, шаарыбыз баарыбызга"

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын   2025-жылдын 12-мартындагы чыгыш №20-2566 сандуу тапшырмасына ылайык, 2025-жылдын 15-мартынан 17-майына чейин шаарлардын, райондордун, калктуу конуштардын жана бардык мекемелердин (менчигинин түрүнө карабастан) аймактарын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жана  ,,Жашыл мурас" улуттук кампаниянын алкагында Майлуу-Суу шаарынын аймагында ишембиликтер өтүп жатат. Ишембиликке мекеме-ишканалардын жамааттары,  жаштар, студенттер жана шаардын тургундары активдүү катышып, көчөлөр тазаланды, арыктар оңдолуп, таштандылар өз убагында чыгарылууда. 
Бак- дарактардын бутактары кыркылып,  көчөлөр көрккө келип жатат.