30 октябрь 2024

Кароолор: (3)

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпул алуучуларга мониторинг жүргүзүү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №2-чечиминин негизинде, “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучуларга мониторинг жүргүзүү  боюнча   Майлуу-Суу шаарынын мэриясы тарабынан  2024-жылдын 27-августунда  №01-27-247 сандуу “Комиссия түзүү жөнүндөгү” буйругу чыгарылган.  Аталган буйруктун  негизинде  комиссия курамы тарабынан  “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучулардын үйлөрүно мониторинг жүргүзүлдү.  Мониторинг жүргүзүүдө туура эмес жөлөкпул алгандар аныкталган жок.