02 апрель 2025

Кароолор: (11)

"Жашыл мурас" улуттук компаниянын жүрүшү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2025-жылдын 13-мартындагы  № 06-01/1641 сандуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын  3-мартындагы №89-т тескемесине ылайык,  “Жашыл мурас” улуттук кампаниясын үзгүлтүккө учуратпай улантуу максатында, 2025-жылы Майлуу-Суу шаарынын аймагына 30 000 (отуз миң) даана бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу тапшырмасы жеткирилген.         
“Жашыл мурас” улуттук кампаниясын ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, шаар тургундарына жана мекеме-уюм, ишканаларга бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу боюнча тапшырма берилип, көчөттөр эгиле турган жерлердин аянттары, географиялык                             координаттары такталып, эгиле турган көчөттөрдүн саны жана түрлөрү аныкталып, көчөттөрдү даярдалган аянттарга отургузуу иштери жүрүп жатат,