03 апрель 2024
Кароолор: (3)
"Жашыл Мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында көчөттөр отургузулду.
Майлуу-Суу шаарында "Жашыл Мурас" улуттук өнөктүгү уланууда.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы жарлыгынын алкагында "Жашыл Мурас" улуттук компаниясын уюшкандыкта өткөрүү менен экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана турмушка ашыруу максатында Майлуу-Суу шаарынын аймагында 2024-жылга карата мекеме уюмдарга пландалган тапшырмасында бак дарактарды тигүү боюнча тапшырмалар берилип, бүгүнкү күнгө шаардын борбордук эс алуу паркына жана Баткен скверине 80 түп көчөт (35даана карагай, 45 даана арча) отургузулган. Мекеме-уюмдар, ишканалар тарабынан 1200 ар түрдүү көчөттөр өз аймактарына отургузулган. Демөөрчүлөр тарабынан 150 даана арча отургузулуп, жалпысынан 1430 даана көчөт отургузулду.