14 февраль 2025
Кароолор: (5)
Афган күнүн белгилөө
2025-жылдын 14-февралында Майлуу-Суу шаарынын Ооган скверинде Афганистан жергесинде согушта курман болгон интернационалист жоокерлерди эскерүү күнү белгиленди.
Эске салсак, совет аскерлери Афганистандан чыгарылып, мекенине кайтканына 36 жыл толду. Шаарыбызда бүгүн 12 ардагер калды, алар:
1.Асанов Маматысак
2.Асанов Курманбек
3.Жусупов Калмамат
4.Кулибаев Доолоталы
5.Маразыков Увайси
6.Салыбеков Абазкан
7.Суйумбаев Кудайберген
8.Султанов Жунусали
9.Талипов Мамасали
10.Чыбыкеев Ырысбек
11.Шерматов Каримжан
12.Гордеев Сергей
Иш чарага шаардын мэри А.Жумаев, Ооган ардагерлери, мекеме-уюм, ишканалардын жана окуу жайлардын жетекчилери, студенттер катышты.
Каза болгон жоокерлерге куран түшүрүп, аза күтүү минута менен, үч жолку жапырт атуу жана гүл коюу уюштурулду.


