04 апрель 2024
Кароолор: (6)
Айлампа -Сайдагы №2,13 калдык сактоочу жайлар менен танышуу үчүн ӨКМ министри Б.Ажикеев келди.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан өтүп жаткан долбоорунун алкагында Майлуу-Суу шаарында калдык сактоочу жайды рекультивациялоо, ошондой эле эскилиги жеткен имараттарды жана курулуштарды демонтаждоо, утилизациялоо каралган. Мурдагы уран калдыктарын кендериндеги шахтага кирүүчү курулмаларды консервациялоо, коргоочу гидротехникалык курулуштарды орнотуу (каналдар, өтмөктөр (ж.б.).
Айлампа-Сайдагы номер 2, 13 калдык сактоочу жайлар менен таанышуу үчүн ӨКМ Министри Б.Ажикеев катышты.
Министрди коштоп:
-Калдыктарды сактоо департаментинин директору Д.Кушбаков, А Козибаев, А.Абдраев.
-ӨКМнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А.Закиров.
-Майлуу-Суу шаарынын мэринин орун басары Н.Абдиганиев
-ӨКМнын Майлуу-Суу шаары боюнча башкармалыгынын башчысы,капитан К.Нурбаев.