18 август 2025

Кароолор: (5)

Балдардын жайкы эс алуусу уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана
миграция министрлигинин  2025-жылдын 7-июлундагы №05-10/6846 сандуу катынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы
ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 10-июлундагы №06-01/4778 сандуу тапшырмасын аткаруу максатында Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Алтын-Балалык”
ден соолукту калыбына келтирүү борборуна аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн
балдары, камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алынган балдар, багып алуучу
үйбүлөлөрдөгү балдар, жетим балдар жана тарбиянын өзгөчө шарттарына
муктаж оорулуу балдар, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон
балдарды жөнөтүү максатында Майлуу-Суу шаарынан 15 бала 2025-жылдын 14-августунда жөнөтүлдү.
Жалал-Абад шаарындагы аэропортко жеткирүү үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүгүнүн кызматкерлери көмөк көрсөтүштү.