09 июль 2025

Кароолор: (1)

Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу

2025-жылга карата, каникул мезгилинде, жаш өспүрүм балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу максатында,  2025-жылдын 5-июлунда Майлуу-Суу шаарынын Ачык Акционердик Коому "Майлуу-Суу лампа заводу" тарабынан Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында жайгашкан "Жеткинчек" балдар эс алуучу лагерине 7 жаштан 14 жашка чейинки өспүрүм 100 бала  жөнөтүлдү. Ошондой эле Майлуу-Суу шаарындагы борбордук китепканада балдардын жайкы эс алуулары уюштурулуп, 58  бала тарбияланууда.