18 сентябрь 2024
Кароолор: (5)
Баткен согушунда курман болгон жоокерлерди эскерүү күнү белгиленди
Жыл сайын 18-сентябрь Баткен окуясында курман болгон жоокерлери эскерилет. Мындан 25 жыл мурун эл аралык террористтер биздин мамлекетке бүлүк салып, мамлекетибиздин көз карандысыздыгына шек келтирип, чек арабызды бузуп, элдин тынчтыгына доо келтиришкен. 1999-2000-жылдардагы кагылышуусу «Баткен согушу», «Баткен окуясы», «Баткен коогалаңы» деген аталыштар менен тарыхта калды. Эскерүү митингке шаардын мэри, Баткен согушунун ардагерлери, мекеме-уюм, ишканалардын, окуу-жайлардын жетекчилеринин жана студенттеринин катышуусунда болуп өттү.


