06 май 2026

Кароолор: (2)

Дарыкана

Майлуу-Суу шаарынын мэри Байгазиев А.Б. бүгүн 6-майда шаардын аймагындагы калка жардам берүүчү, калктын саламаттыгына кам көрө турган дарыканалардын иштөөсүн карап чыкты, текшерүү учурунда эч бир даракана түнү менен иштебей тургандыгына өзү күбө болуп, тез аранын ичинде тийиштүү тапшырма бериле тургандыгына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнө ошондой эле саламаттык сактоо министрлигине сунуш бериле тургандыгын белгиледи. Бул көйгөй көп жылдардан бери  чечилбей келе жаткандыгын шаар тургундары мэрдин өзүнө баса белгилеп билдиришти