06 декабрь 2025

Кароолор: (4)

Карыялар куну

2025-жылдын 5-6 -декабрында Майлуу-Суу шаарынын мэри А.Жумаевдин демилгеси менен шаар аймагындагы карыялардан Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Ж.Шабданов жана Мэриянын кызматкерлери кабар алып, колдоо көрсөтүштү.
Карынын жылмаюусунда жүрөк жылыткан жылуулук бар. Ал жылмаюуну урмат-сый, бакыбаттуулук, кубаныч тартуулап биз гана жарата алабыз. Карыяларга болгон камкордукту күчөтүү менен өсүп келе жаткан муунду улууларды сыйлоого үйрөтүп, үлгү болушубуз керек.
Улгайган ата - энелерибизге  ден соолук, дөөлөттүү, бактылуу карылыкты каалайбыз. Күн сайын бакубат жашоого ишеним берүү – биздин ыйык жана бийик милдетибиз.