27 сентябрь 2024

Кароолор: (3)

Коопсуз миграция

Майлуу-Суу шаарында 2024-жылдын 26- сентябрында мэриянын кичи залында Кыргыз Республикасынын Президентинин Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндөгү 2021-жылдын  29-январындагы №4 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №191-р тескемеси менен бекитилген 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын концепциясынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу максатында КР ЭСКММне караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда  маалыматтык- түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.
Жыйынга шаар аймагындагы мекеме уюмдардын, ишканалардын жетекчилери,  орун басарлары, Айыл башкармалыктары, ТОС, Аялдар Кенеши жана ЭСКМБ кызматкерлери катышышты.